Автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымдагандай, ЖКККББ Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унаа Audi S4 үлгүсүндөгү унаанын жолун тороп жатканы тартылган видео социалдык тармактарга тарагандан кийин тийиштүү чара көргөн.
Башкармалык айдоочу бүгүн, 18-мартта кармалып, ага айып пул салынганын жана унаасы айып короо жайына токтотулганын белгиледи.