Сокулук районунун Кожомкул айылында (Военно-Антоновка) 2009-жылы туулган Софья Конавалова дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Кечээ, 17-мартта Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө кыздын жакындары арыз менен кайрылышкан. Арызында алар 2009-жылдын 16-январында туулган Конавалова Софья Викторовна 8-мартта Кожомкул айылындагы Южная көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.
Бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, иликтөө иштери башталды.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто денелүү, чачы кара, көздөрү көк.
Ал мезгилге жараша кийинген.
Урматтуу жарандар! Софья Конавалованын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, 0558 86-14-86, 0312 60-75-67 (нөөмөт бөлүмү) телефондоруна кайрылсаңыздар болот.