Министр Кулубаев ШКУнун башкы катчысы менен жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 18-мартта өлкөгө расмий сапар менен келген Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды. Бул туурасында ТИМден маалымдашты.

Ага ылайык, Кулубаев Кыргызстан ШКУнун алкагында ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ошондой эле өлкө ШКУнун алкагында алдыга жылдыруу үчүн негизги артыкчылыктарын жана демилгелерин айтты.

Өз кезегинде ШКУнун Башкы катчысы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү процессинин ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Ермекбаев ШКУнун Катчылыгы коюлган милдеттерди жана уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууларды ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин ырастады. Ал учурдагы артыкчылыктар, жакынкы мезгилге карата иш пландары жана ШКУнун алкагындагы ТИМ кеңеши, мамлекет башчыларынын кеңеши жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) кеңеши сыяктуу негизги иш-чараларга даярдык көрүү жөнүндө да маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан