Бишкектеги кырсык көп болгон Масалиев көчөсүндөгү жөө өтмөк демонтаждалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.
Мындай чечимди кабыл алууга айдоочулардын бул жерден жол эрежелеринин талаптарын сактабаган көптөгөн фактылар, ошондой эле бак-дарактардын жайгашкандыгына байланыштуу өтмөктүн көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендиги негиз болгон.
Кошумчалай кетсек, бул аймакта айдоочулар ылдамдыкты чектен ашырып айдагандыктан кырсык коркунучу күчөйт.
"Мындай чечим жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын коркунучун азайтуу максатында кабыл алынды", - деп жазылат анда.
16-мартта дал ушул өтмөктөн унаа бир кызды сүзүп, ал каза болгон. Эртеси аталган өтмөк сырдалып, кайрадан эле ошол жерден дагы бир кызды унаа сүзүп кеткен.