Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун коргоо министри Виктор Хренин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
ТИМ кабарлагандай, жолугушууда тараптар аскердик кызматташууну өнүктүрүү жана аскер кадрларын даярдоо, ошондой эле ЖККУ жана КМШ алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.
Ошону менен бирге тараптар Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселесин талкуулашты.