"Манчестер Сити" Абдукодир Хусанов үчүн Иранга атайын учак жөнөтөт

Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубу коңшу өзбекстандык футболчу Абдукодир Хусанов үчүн Ирандын Тегеран шаарына атайын учак жөнөтөт. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 25-март күнү Өзбекстан Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында конокто Иран менен ойнойт. Бул оюндан кийин эле англиялык клуб коргоочуну Манчестер шаарына алып кетүүнү көздөөдө. Себеби Пеп Гвардиоланын командасы 30-мартта Англия Кубогунун чейрек финалында "Борнмут" клубуна каршы ойнойт.

Белгилей кетсек, 20-мартта футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Өзбекстан менен Ташкентте ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан