Ыйык Рамазан айында муктаждарга колдоо көрсөтүү менен ар бир мусулман өзүнүн руханий парзын аткаруу маанилүү. MegaPay колдонмосу менен бул алда канча ыңгайлуу! Битир-садаганы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине тез жана оңой которуп, муктаждарга жардам бере аласыз.
MegaPay’де битир-садаганы төлөө үчүн эки ыкма жеткиликтүү:
1. Сумманы тандоо – кайрымдуулук кылгыӊыз келген сумманы көрсөтүңүз.
2. Автоматтык эсептөө – тизмеден азыкты тандаӊыз жана кайрымдуулук кылгыңыз келген адамдардын санын көрсөтүңүз. Система битир-садаганын суммасын автоматтык түрдө эсептеп берет.
Кайрымдуулукту онлайн кантип кылса болот?
1. "Сервистер" бөлүмүнө кириӊиз;
2. "Кайрымдуулук", андан кийин "Битир-садага" категориясын тандаңыз.
3. Которуунун ыңгайлуу ыкмасын тандаңыз:
o Каалаган сумманы жазып, төлөмдү ырастаңыз.
o Тизмедеги азыктардын бирин тандап, адамдардын санын көрсөтүңүз - сумма автоматтык түрдө эсептелген соӊ, төлөмдү ырастаӊыз.
MegaPay менен руханий милдетиӊизди аткаруу оңой жана жеткиликтүү. Ушул куттуу айда өзгөчө муктаждарга колдоо көрсөтүп, сооптуу иштерди оӊой жана тез кылууга болот!