Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды. Эмнелер сунушталды?

Бүгүн, 18-мартта президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы башкы катчыны кызматына киришүүсү менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле ал Кыргызстан өзүнүн ШКУга катышуусуна өзгөчө маани берерин жана уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүү зарылдыгын баса белгиледи. Кыргызстан үчүн маанилүү окуялардын бири – үстүбүздөгү жылдын күзүндө өлкөгө өтө турган ШКУга төрагалык кылуусу экендиги маалыматта айтылган.

Өз кезегинде Нурлан Ермекбаев Садыр Жапаровду Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимине кол коюлушу менен куттуктады. Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин бардыгы бул жаңылыкты кубануу менен кабыл алганын айтып өттү. Мындан тышкары ал Садыр Жапаровдун демилгесинин аркасында ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрү менен кызматташуу боюнча Жол картасы иштелип чыкканын айта кетти. Ошондой эле Бишкекте жайгаша турган Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча сунуш киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан