"Таятам азыр мени менен сыймыктанмак" дейт Рыспай Абдыкадыровдун небереси (видео)

Бул жолу SUPER.KG порталынын маек төрүндө залкар обончу, ырчы Рыспай Абдыкадыровдун небереси Насип Мырза болду. Ал акыркы эки жылдан бери өз күйөрмандарын таап, элге тааныла баштаган чагы. Залкар адамдын өнөрүн улаган Насип Мырза бизге маек берип жатып, таятасы тууралуу кенен баяндап берди.

Ошондой эле ал неберелеринин арасынан өзүнөн башка чыгармачылыкты тандагандар жок экенин айтып өттү.

“Таятам балам жок деп арман кылчу экен. Неберелеринен жалгыз мен чыгармачылык жолун улап жатам, көзү тирүү болгондо мени менен сыймыктанмак", - дейт Насип Мырза.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан