Талас облусунун прокуратурасы "Талас балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы менен башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары баасы 162 миллион 106 миң 520 сомдук 104,5 гектар жер тилкеси менен административдик имаратты жеке менчикке болгону 2 миллион 380 миң 729 сомго сатууга аракет кылгандыгын аныктады. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалымдалгандай, натыйжада мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.