Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне кеп?

Бүгүн, 18-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчылары регионалдык кызматташуу маселелерин, ошондой эле Худжанд шаарында боло турган Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекет башчыларынын Эл аралык Нооруз майрамын майрамдоонун алкагында боло турган үч тараптуу саммитти талкуулашты.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бул региондогу туруктуулукту жана кызматташтыкты бекемдөө жолундагы маанилүү кадам экенин айтты.

Лидерлер буга чейин жетишилген келишимдерди тез арада ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өнөктөштүктүн стратегиялык мүнөзүн баса белгилешкендиги маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан