АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Улуттук хоккей лигасында жана Континенталдык хоккей лигасында ойногон орусиялык жана америкалык оюнчулардын ортосунда эки өлкөдө тең хоккей беттештерин уюштуруу идеясын талкуулашты. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы телефондук сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.
Кремль мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшүү Украинанын тегерегиндеги кырдаал боюнча да уланганын белгиледи. Владимир Путин америкалык кесиптешине согуштук аракеттерди токтотууга жардам берүү каалоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
Путин менен Трамп кечээ, 18-мартта телефон аркылуу сүйлөшкөн. Эки лидердин сүйлөшүүсү эки саатка созулган.
Эске сала кетсек, Орусиянын хоккей боюнча курама командасы Эл аралык олимпиадалык комитеттин санкцияларынан улам эл аралык мелдештерден четтетилген.