Украинанын лидери Владимир Зеленский Орусия менен АКШнын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын сүйлөшүүсүнүн фонунда Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Европа дагы сүйлөшүү үстөлүндө болушу керектигин айтты. Бул тууралуу Sky News кабарлады.
"Европа дагы сүйлөшүү үстөлүнө отурушу керек. Европанын коопсуздугуна байланыштуу бардык нерселер Европа менен бирге чечилиши керек. Менин оюмча, биз президент Трамп менен сүйлөшүп, орустар америкалыктарга эмне сунуш кылганын, же америкалыктар орустарга эмне сунуш кылганын деталдуу түрдө билсек туура болот", - деген Зеленский брифингде.
Ошондой эле ал Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсүнөн кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Франциянын президенти Эммануэль Макронго телефон чалган.
Путин менен Трамп кечээ, 18-мартта эки саат телефон аркылуу сүйлөшкөн.