
Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп
Мухтарбек Баймурзаев дайындалды.
Министрликтен кабарлашкандай, ал бул кызматка дайындалганга чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Айта кетсек, буга чейин аталган кызматты
Бекжан Супаналиев аркалаган. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан
бошотулду.
Мухтарбек Баймурзаев эмгек жолун 2005-жылдан тартып баштаган:
- 2001-жылдын майынан 2001-жылдын сентябрына чейин компьютердик клубдун администратору;
- 2002-жылдын декабрынан 2003-жылдын мартына чейин орус гезитинде жарнама боюнча менеджер;
- 2005-жылдын март айынан баштап Финансы министрлигинин уюштуруучулук камсыздоо жана маалыматтык системалар бөлүмүндө стажер;
- 2005-жылдын августунан Финансы министрлигинин маалыматтык системалар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- 2006-жылдын сентябрынан тартып Финансы министрлигинин Социалдык чыгымдар саясаты башкармалыгынын социалдык коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- 2008-жылдын январынан тартып Финансы министрлигинин Социалдык чыгымдар саясаты башкармалыгынын социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- 2008-жылдын декабрынан тартып Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
- 2009-жылдын августунан 2012-жылдын июнуна чейин Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы;
- 2012-жылдын июнунан 2015-жылдын мартына чейин Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы;
- 2015-жылдын март айынан 2017-жылдын февраль айына чейин Финансы министрлигинин Социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы;
- 2017-жылдын мартынан 2018-жылдын июнуна чейин Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы;
- 2018-жылдын август айынан сентябрь айына чейин “БИОМ” долбоорунун эксперти;
- 2018-жылдын августунан ноябрына чейин ЮНИСЕФтин эксперти;
- 2018-жылдын октябрынан ноябрына чейин Роза Отунбаеванын демилгелери ЭКФнын консультанты;
- 2018-жылдын декабры-2019-жылдын январы ЮНИСЕФтин эксперти;
- Июнь 2019-жыл-август 2019-жыл ЕККУ эксперти;
- 2019-жылдын сентябрынан азыркы учурга чейин Финансы министрлигинин Окуу борборунда тренер;
- 2019-жылдын ноябрынан 2020-жылдын апрелине чейин Роза Отунбаеванын демилгелери ЭКФнын эксперти;
- 2020-жылдын июлунан тартып Саламаттык сактоо министрлигинин финансылык саясат башкармалыгынын башчысы;
- 2012-жылдын июнунан 2015-жылдын мартына чейин Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы;
- 2015-жылдын март айынан 2017-жылдын февраль айы Финансы министрлигинин Социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы;
- 2017-жылдын мартынан 2018-жылдын июнуна чейин Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы;
- 2021-жылдын октябрынан 2024-жылдын май айына чейин Финансы министрлигинин Социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башчысы;
- 2024-жылдын май айынан тартып президенттин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти
- 2024-жылдын сентябрь айынан тарта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратына министрдин биринчи орун басары