Бишкекте баңгизат сатууга шектүү катары жогорку окуу жайлардын биринин студенти кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш чараларынын жыйынтыгында, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин студенти, 2007-жылы туулган М.А. аттуу кыз шектүү катары кармалган.
"Тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, шектүүдөн 110 даана оролгон спецификалык жыты бар белгисиз заттар табылган. Алардын жалпы салмагы 508 граммды түзгөн. Мындан тышкары шектүү альфа ПВП аталышындагы белгисиз заты анын социалдык тармагы аркылуу таратылганын айтты. Тергөө иштери улантылууда", - деп билдиришти шаардык милициядан.