Бишекте 32 жаштагы жаран дүкөнгө уурулукка кирген делип кармалды

Бишкек шаарында уурулукка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Биринчи май РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-февралда шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 08:10 чамасында Жаш Гвардия көчөсүндө жайгашкан дүкөнүнө ууру кирип, 85 миң сомдук товарын жана кассадагы 3000 сомун алып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар-жогу аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан