Талас. Кара-Буура районунда ок атуучу курал жана баңгизат катып жүргөн адам кармалды
“Кара-Буура районунда жүргүзүлгөн “Мышеловка-2012” жана “Экстремист” аттуу атайын рейд учурунда ок атуучу курал жана баңгизаттарын камтыган өсүмдүктөр табылды”,- дейт Талас ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов.
Тактап айтсак, 12-декабрда саат 16:00 чамасында аталган райондун Шекер айылынын жашоочусу, 1984-жылы туулган Тургунбеавдин үйүн тинтүү учурунда ИЖ-16 үлгүсүндөгү 16 калибрдеги ок атуучу курал табылган. Ал эми үй ээсинин сарайынан салмагы 120 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар баңгизатын камтыган өсүмдүк табылды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.