Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди карайт

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралат. Бул тууралуу төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламент жыйынында билдирди.

Айтымында, маселе алгач Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйында каралып, андан соң парламенттин пленардык жыйынына чыгарылат.

Төрага жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара боюнча маалымат берерин кошумчалады.

Айта кетсек, 13-мартта Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан