Камчыбек Ташиев Чоң-Алайдагы Алтын-Мазар Тажикстанга кеткен деген маалыматты четке какты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районундагы Алтын-Мазар тажиктерге берилди делген маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-марттагы жыйынында айтты.

Ташиевдин айтымында, учурда интернетте "Алтын-Мазарды тажиктерге берип салышты" деген жалган видео тарап жатат.

"Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, интернеттин заманы. Интернетте "Алтын-Мазарды тажиктерге берип салышты" деген видео жүрөт. Андай эмес. Алтын-Мазар биздин мамлекеттин менчигинде калды. Ал жерди биз өзүбүзгө жазып калтырдык", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан