Ташиев парламент төрагасын кыргыз-тажик чек арасы боюнча суроо берчү депутаттарды тыйбоого чакырды

Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралууда.

Анда жетишилген келишим менен тааныштырууга чыккан УКМК башчысы Камчыбек Ташиев сөзүн баштаар алдында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун суроо берчү депутаттарды тыйбоого чакырды.

"Бардык суроолорго жооп берүүгө мүмкүнчүлүгүм жетет. Ошондуктан комитет төрагаларынан, спикерден дагы суранам, депутаттарды тыйбасаңыздар. Бул мамлекетибиздин кийинки тарыхына, муундарыбызга таасир этүүчү маселе. Ар бир депутат суроо берсин", - деди ал.

Ташиев эл өкүлдөрүнө дагы кайрылып, кайталанган суроолорду берүүдөн карманууга үндөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан