Бишкекте адам уурдоого шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды 

Бишкек шаарында адам уурдоого шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 27-январында милицияга М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адамдар ошол эле күнү кечинде Гагарин жана Сулайман көчөлөрүнүн кесилишинде 2007-жылы туулган М.А. аттуу баласына карата күч колдонуп, ак түстөгү Honda Fit үлгүсүндөгү унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкен. Ошондой эле ден соолугуна зыян келтирип, 15 миң сом акчасын, телефонун жана жарандык документтери бар сумкасын тартып алышкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1998-жылы туулган У.И. аныкталып, кармалган.

"Мурда кылмышка катышкан башка дагы 3 шектүү кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген", - деп билдирди милиция.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан