Чүй облусунун Сокулук районунда киши өлтүүрүүгө шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Милиция тактагандай, 18-мартта саат 07:10 чамасында Сокулук айылынын Ысык-Көл көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты Сокулук РИИБинде каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө 18-мартта саат 04:00дө жогоруда көрсөтүлгөн даректе В.С. жана Т.К. аттуу жарандардын ортосунда сөз талашуу орун алганы аныкталган.
"Анын натыйжасында шектүү 40 жаштагы В.С.нын денесине жаракат келтирип, ал окуя болгон жерде көз жумганы аныкталды. Кылмышты жашыруу максатында шектүү маркумдун үйүнө өрт коюп, качып кеткен", - деп билдирди милиция.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары 29 жаштагы Т.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.