Султанбай Айжигитов Динара Ашимованын кечирим суроосун талап кылып, ага үч талап койду

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов "Ыйман нуру" фракциясынан аны фракциядан чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарууну талап кылды.

Бүгүн, 19-мартта борбордук трибунада сүйлөгөн сөзүндө депутат Айжигитов фракция лидери Динара Ашимовага үч талап коюп, ал болбосо ишти Башкы прокуратура аркылуу чечерин айтты.

"Мен фракциянын позициясын эмес, өзүмдүн көз карандысыз депутаттык позициямды билдиргенимди баса белгилегим келет. Буга байланыштуу «Ыйман нуру» фракциясынын лидери Ашимова фракциянын чукул жыйынын өткөрүп, мени "фракция менен макулдашкан эмес" деди. Андан соң фракция лидери мени фракциядан чыгаруу боюнча сунуш киргизди. Бир дагы регламентте депутат айта турчу сөзүн фракция менен макулдашышы керек деген жер жок. Бул мыйзамга каршы келет. Ал эми 10 мүнөттүк убакытты депутат өз пикирин билдирүүгө да сурап алса болот. Ошол эле күнү протокол түзүлүп, мен фракциядан чыгарылдым", - деди ал.

Анын айтымында, депутаттар Динара Ашимова, Винера Раимбачаева жана Эрнис Айдаралиев "макул", Замирбек Мамасадыков калыс, Султанбай Айжигитов "каршы" добуш берген.

Султанбай Айжигитов Динара Ашимованы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптады.

Ал "Ыйман нуру" фракциясынын чечимин жокко чыгарууну, Ашимованын эл алдында кечирим суроосун талап кылды. Ошондой эле Ашимованы "Ыйман нуру" фракциясынын лидерлигинен өз ыктыяры менен кетүүсүн дагы талап кылды.

Эске салсак, парламенттин 5-марттагы жыйынында Айжигитов кыргыз-тажик чек ара келишиминин долбоору боюнча өз позициясын билдирген. Ал Төрт-Көчөнүн нейтралдуу аймак катары калтырылганы, Достук айылынын тажик тарапка берилгени жана башка бир топ кадамдарды айыптаган. Ошол эле күнү эл өкүлү “Ыйман-Нурунан” чыгарылган. Фракциянын лидери Динара Ашимова муну Султанбай Айжигитов алар менен кеңешпей туруп билдирүү жасаганы менен түшүндүргөн болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан