Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралууда.
Анда жетишилген келишим менен тааныштырып жаткан УКМК башчысы Камчыбек Ташиев "Головной" тилкеси боюнча талаш жүргөнүн билдирди.
"Чек араны Ак-Суу суусунун ортосу менен бөлүп келип, "Головнойго" келгенде аларга "бизде калат" дедик. Андыктан "силер 4 метр ары жыласыңар, анан кийин кайра суунун ортосу менен кетет" дедик. Себеби "Головнойду" 1975-жылдары биздин мамлекет курган экен. Бирок эки тарап пайдаланып келген. Ошондо суунун 50 пайызга жетпегенин тажиктер, 20 пайызын өзбектер, 30 пайызын биз колдонуп келген экенбиз. Анткени ал жерде кыргыздар аз. Бизде 250-300 миң киши бар, аларда 3 миллионго жетип калды. Ошол үчүн аз колдонуп келгенбиз. Ошондуктан алар "ортодон бөлөлү" дешти. Ал жакта дайым талаш-тартыш болуп келген. Натыйжада биздин 12 жараныбыз каза болгон...
Биз "жөн эле бөлбөйбүз" дедик. Ал жакта 3 шлюз турат, аны 1,5 дан кылып бөлгөндө аларга 4 метр жер калмак. Айта кетейин, биз ал шлюзду калтырган күндө деле, калтырбаган күндө деле суудан пайдалана беришет. Себеби өкмөттөр аралык келишим бар. Сууну бере албай коё албайбыз... Мен 4 метр жерди бериш үчүн 1000 гектар жер сурадым. Ошондо булар башын кармашты. Ызы-чуу болуп, 2-3 жолу протоколго кол коюлбай калган учур болду. "Бербесеңер болбойт" деп кетип калган учурларым болду. Акыры 4 метр жер үчүн 750 гектар жер алдык. Суу мурдагыдай эле бөлүнөт. Чек ара сызыгы ортосунан өтөт. Мурда чек ара сызыгы жок болчу",- деди ал.