Тажикстандын “Кайрагач” жери толугу менен кыргызстанга өттү. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-мартта парламентте билдирди.
"Кайрагачтан 155 гектар, ошондой эле Тажик Республикасынан 35 гектар аянттагы Кайрагач анклавы алынды. Бул аймактан жалпы 190 гектар жер бизге алынды", - деди Ташиев.
Ал өз сөзүндө Кайрагачтагы тажик тараптын посту бир жарым чакырымга жылдырылмай болгонун айтты.
Эскерте кетсек, ушул тапта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралып жатат. Анда эл өкүлдөрүнө Камчыбек Ташиев маалымат берүүдө.
Айта кетсек, 13-мартта Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшкан болчу.