Камчыбек Ташиев Достуктун элине копол мамиле кылган губернатор боюнча үн катты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеште чек ара боюнча маалымат берип жатып Баткендин губернатору Айбек Шаменовдун Достук айылынын элине кылган мамилеси тууралуу үн катты.

Анда Ташиев Айбек Шаменов билимдүү инсан экенин белгилеп, ал мамилеси үчүн президенттен эскертүү алганын кошумчалады.

"Айбек Асанович татыктуу, билимдүү жетекчи. Ал киши менде төрт жыл орун басар болуп иштеди. Аны жашырып кайда барабыз. Өтө сонун иштеди. Төрт жыл ошол Баткенде куратор болуп, кайсы конфликт болот, эки адам урушуп кетсе дагы, барып жараштырып келип жатты. Эми бул киши анча-мынча түштүктүктөрдү билбегени үчүн, өзү бул жакта өсүп чоңойгону үчүн бир аз ийкемдүү сүйлөбөй, катуу сүйлөп алды. Бирок туура эле сүйлөп жатат. Ал үчүн президенттен эскертүү алды. Президент дагы мага "түшүндүрүп кой, элге ийкемдүү болсун" деп айтты", - деди Ташиев.

Буга чейин Айбек Шаменов Достук айылынын тургундары менен жолугушууда эмоцияга алдырып, айыл тургундарына копол мамиле кылганы коомчулукта талкууга алынган. Көп өтпөй эле президент Садыр Жапаров ага оозеки эскертүү берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан