"Samsung" компаниясы ийиле турган алгачкы сыналгыларын чыгарды

Американын Лас-Вегас шаарында өткөн "CES-2014" аталышындагы алдынкы технологиялардын көргөзмөсүндө кореялык "Samsung" компаниясы ийиле турган алгачкы сыналгыларын көрсөттү. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары билдиришти. 
Маалыматка таянсак, 85 дюймдагы "Ultra HD" үлгүсүндөгү сыналгылардын бири ийиле турган дисплейге ээ, тагыраак айтканда, бурчтары ичти көздөй ийилет. Аны ийиш үчүн бир эле жолу пультту басуу жетиштүү. Өндүрүүчүнүн айтымы боюнча, мындай конструкциядагы сыналгы дүйнөдө алгачкы жолу чыгарылып жатат. Аталган компаниянын экинчи сыналгысы биринчиге караганда көлөмдүүрөөк. Анын UHD-дисплейинин аянты – 105 дюйм. Өзгөчөлүгү, атайын көз айнекти кийбей эле андан 3D көрсөтүүлөрүн көрүүгө болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Leo_timka_93
2014-01-10 15:22:34
Технолджи...
0
vilka123
2015-11-12 21:44:44
super super
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан