Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев парламенттин бүгүнкү жыйынында коңшу тажикстандыктар чек ара маселесин чечүүдө президенти Эмомали Рахмон менен УКМК төрагасы Саймумин Ятимовго нааразы болуп жатканын айтты.
"Жерди бөлүшкөндө эч бир тарап ыраазы болбойт. Биздин угушубузга караганда, Ятимов менен Рахмонго эли "кыргыздар жерибизди көп алып коюптур" деп нааразы болуп жатат. Ошондуктан эң башкысы, Камчыбек Кыдыршаевич, сизге ыраазычылык. Урматтуу туугандар, мындан кийин заманыбыз тынч болсун", - деди Аккулу Бердиев.