Султанбай Айжигитов Камчыбек Ташиевди дебатка чакырды. Ага Ташиев жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламентте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, аны теледебатка чакырды.

"Камчыбек Кыдыршаевич, сиз бүгүн чоң трибунадан мени аябай караладыңыз. Мен ошол каралаганыңызга жооп бере албадым. Сиздин артыңызда толук мамлекеттик машина бар. Сизде корко турган эч нерсе жок. Мен өзүм жалгызмын, артымда эл бардыр, башка эч нерсе жок. Ошондуктан ушунун баарына чекит коюш үчүн мен сизди теледебатка чакырам. Ошол жерде мен жөнүндө, сиз каралаган фактылар боюнча дебат өткөрсөк аябай жакшы болот эле. Сиз кандай дейсиз?" - деди Айжигитов.

Камчыбек Ташиев депутат менен теледебатка Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарын айтты.

"Рахмат, сиз менен теледебатка БШК чыгат. Ошону менен кыла бериңиз", - деди Ташиев.

Айжигитов Ташиевди дебатка чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан