Бүгүн, 19-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берип жатып отставкага кетүүгө даяр экенин билдирди.
"Президентибиз төрт жарым жыл мурда келгенде эле "биз чек араны бүтүрүшүбүз керек, мамлекетибизге чыныгы эгемендүүлүктү алып беришибиз керек" деп айткан. Бирок ортодо кайгылуу окуялар болуп кетти. Ошол учурда мен өлкө башчысына бир нече жолу кайрылып, "мен муну чече албайт окшойм, башка адам чечсин" дегем. Бирок президент болбостон, "сен чечесиң, экөөбүз чечебиз, экөөбүздө гана чечүүгө мүмкүнчүлүк бар" деп мени алдыга сүрөп келди. Мына ошентип акыры жеңишке жеттик. Мен өмүрүмдөгү эң чоң мамлекеттик жумуштун башында туруп, аны чечип бердим. Эми мени президент бүгүн чакырып, отставкага кетирсе дагы ыраазы болуп кете берем", - деди Ташиев.
Бүгүн Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралды.
Айта кетсек, 13-мартта Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшкан.