Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча жетишилген келишимде утулуп калдык деген кептерге жооп берди.
"Чек ара такталып, жыйынтыгында Кыргызстанга 2365 гектар жер өтүп, Тажикстанга 1575 гектар жер берилди. Бизге 795 гектар жер көбүрөөк өттү. Уктуңарбы? "Тажиктерге берип, утулуп калды" дегендерге жооп", - деди ал.