Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралды.
Анда жетишилген келишим менен тааныштырган УКМК башчысы Камчыбек Ташиев чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлер боюнча китеп жазылып, кино тартылганын билдирди.
"Балдарыбыз жөнүндө китеп жазылып, даяр турат. Ар бир бала, ошол жердеги 51 аскер кандай каза болгон, мунун баарын сүрөттөтүп жаздырттым. Аскерлерибиздин көрсөткөн эрдиктери боюнча кино да тартылып, даяр турат. Аны да көрсөтөбүз. Биз кино тарталы, китеп жазалы дегендерди чек араны бүтүп алгыча деп токтотуп койгонбуз. Эми ратификация болгондон кийин тартса болот", - деди ал.
Белгилей кетсек, эки өлкө ортосунда 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.