БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесинин Палестина маселеси боюнча атайын баяндамачысы Франческа Албанезе шейшембиде Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттери палестиналыктарды эл катары жок кылуу үчүн жасалган геноциддик кампанияга барабар деди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ал акыркы кол салуу мурункуларга салыштырмалуу масштабдуу экенин белгилеп, муну жалпы жоопкерчиликсиздиктин натыйжасы деп атоого болорун жана бул эл аралык коомчулуктун абийирине доо кетирерин тактады.
Дүйшөмбүгө караган түнү Израил Газа тилкесине чабуулун кайра баштады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху чабуулдар палестиналык ХАМАС кыймылынын ок атышпоону узартуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча Американын планын кабыл алуудан баш тартуусунан улам уланганын айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы кол салууда каза болгондордун санын айткан.