Зеленский Трамп менен телефон аркылуу качан сүйлөшөрүн айтты

Бүгүн, 19-мартта Украинанын лидери Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшө турган болду. Бул тууралуу Зеленский Финляндиянын президенти Александр Стубб менен өткөргөн маалымат жыйынында билдирген.

Маалымат жыйында Зеленский буга чейин телефон аркылуу Трамп менен орус лидери Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнүн чоо-жайын угууга үмүттөнөрүн да билдирген.

Ошондой эле Украина Орусия тарап басып алган аймактарды Орусиянын жери катары тааныбай турганын жана бул маселелерди чечүү үчүн тынчтык керек экенин айтып өткөн.

Белгилей кетсек, Путин менен Трамп кечээ, 18-мартта эки саат телефон аркылуу сүйлөшкөн эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан