Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы Өзбекстан менен Кыргызстан курама командаларынын Ташкенттеги оюну Бишкекте түз эфирде чоң экрандан көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Кыргыз футбол биримдиги келгендерге чоң ооз ачуу болорун дагы кошумчалады. Ошондой эле Омар, Бек Борбиев баш болгон кыргыз эстрадасынын популярдуу ырчылары жандуу үн менен чакан концерт тартуулайт.
Башталышы: 19:00;
Өтө турган жери: Эски аянт.