Бүгүн, 19-мартта саат 16:00 чамаларында Бишкек–Нарын–Торугат айланма унаа жолунун 59-чакырымында Mercedes-Benz Atego үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан өрт чыкты.
Чүй ЖКККБ кабарлагандай, башкармалыктын кызматкерлери өрттү өчүрүүгө жардам беришкен. Бактыга жараша жаракат алган жарандар жок.
Азыркы учурда тийиштүү кызматтар аркылуу унаанын күйүп кеткен себеби такталууда.