
Баткен шаарындагы №57 кесиптик лицейине мыйзамсыз диплом берген деген айып тагылууда. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган окуу жай иш жүзүндө окубаган, Кыргызстандын аймагында болбогон 6 студентке экзамендик бааларды коюп, мыйзамсыз дипломдорду берген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.