Министр Кендирбаева Ошто жер титирөөдөн жабыркаган мектептерди кыдырды

Бүгүн, 19-мартта билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусунда катталган жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган мектептердин абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, облус боюнча жер титирөөдөн 14 социалдык объект (анын ичинде 12 мектеп, 1 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу) жабыркаган. Ал эми Кара-Суу району боюнча 12 мектеп, 1 бала бакча, Жоош айыл аймагында 7 мектеп, 1 бала бакча, Ала-Тоо айыл аймагында 1 мектептин, Датка айыл аймагында 3 мектептин, Савай айыл аймагында 1 мектептин дубалында жаракалар пайда болгон.
Кара-Суудагы №10 Питомник орто мектебинин бир кабинетинде дубалдан жарака кеткен. Мектеп директору Бактыгүл Акматованын айтымында, мектеп 2005-жылы ашар жолу менен курулган. Министр аталган айылга жаңы мектеп курууга пландалган жери бар экенин, мугалимдерге кооптонууга негиз жок экенин айтып, жакынкы арада ноутбуктар менен камсыз болорун белгиледи.
"Ал эми №101 К. Момбеков атындагы орто мектебинде окуучулардын саны көп болгондуктан жаңы мектеп куруу керек. Мектептин директору Нуриля Сыдыкова билдиргендей, учурда 540 орунга ылайык мектепте 1716 окуучу билим алууда. Кара-Суу районунун Медресе айылына мектептин жаңы имараты курулуу алдында турганы белгилүү болду", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан