Ош шаарындагы баасы 62 миллион сомдон ашкан жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Навои көчөсүндө жайгашкан жер тилкеси жеке адамдарга мыйзамсыз берилген.
"Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тармагында одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Жер мамилелерин жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын ишинде одоно мыйзам бузуулар орун алган", - деп айтылат маалыматта.