УКМК ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга президенттин жакын туугандары тарабынан максималдуу түрдө колдоо көрсөтүүгө убада берген Ч.Ж. аттуу жаранды аныктап, кармады. Бул үчүн ал 10 миңден 20 миң долларга чейин акча талап кылган. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, шектүү ар кандай шылтоолор менен же формалдуу негиздер боюнча жеке бизнес-долбоорлордун атын жамынып, бир нече жолугушууларды андан ары ишке ашырбастан уюштурган. Кечээ, 18-мартта козголгон кылмыш ишинин алкагында Ч.Ж. кезектеги жолугушууну уюштуруу үчүн 7 миң доллар өлчөмүндө акчанын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
УКМК ушул сыяктуу фактылардан жапа чеккен жарандар жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү 0312 62-05-85 номуруна кайрылса боло тургандыгын белгилейт. Демилгеленген инвестициялык долбоорлор жеке адамдардын эмес, мамлекеттин компетенциясына кире тургандыгы маалыматта белгиленген.