
Бүгүн, 19-мартта саат 19:16да Нарын облусунда MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 41° 30´с.ш.λ = 75° 06´в.д.) күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ат-Талаа районунун Кара-Ой, Кадыралы, Жаңы-Талап айылдарында 4 баллга, Ак-Кыя айылында 3,5 балл, Баетов айылында 3 балл жана Нарын районунун Учкун, Ак-Кудук, Восьмое марта айылдарында 3,5 баллга чейин (Кара-Ой айылынан 7 чакырым түндүк чыгышка, Кадыралы айылынан 9 чакырым түндүк батышка) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.