SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку каарманы Түркия өлкөсүндө билим алып жаткан Нуркыз Абдыкапарова болмокчу. Каарманыбыз менен маектешип, чет өлкөдөгү окуусу, ал жактагы билим алуусуна кызыгып көрдүк.
– Саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз.
– Мен 2004-жылы Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Бейшеке айылында жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлгөм. Бала кезимден эле окууга дилгир болуп, Т.Айтманбетов атындагы орто мектепте 7-класска чейин мыкты баалар менен окуп, олимпиадаларга, сынактарга активдүү катыштым.
Медик болуу бала кезден берки кыялым болчу. Кыргызстандын алдыңкы окуу жайларында билим алып, эл-жер көрүү эң чоң максаттарымдын бири эле. Ошондуктан 13 жашымда үй-бүлөмдөн алыстап, Бишкекке келип, Улуттук инновациялык компьютердик лицейге тапшырдым. Бул жерде да жакшы жетишкендиктерге ээ болуп, мугалимдердин ишенимине кирдим жана 9-классты кызыл күбөлүк менен аяктадым. Врач болуу кыялыма дагы бир кадам жакындаш үчүн 9-класстан кийин И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын даярдоо лицейине өттүм. Ал жакта окуп жүргөндө, үстүмдөгү ак халатым менен сыймыктанар элем. Ушул учурда чет өлкөдө, тактап айтканда, Түркияда медицина боюнча билим алуу тилегим дагы күч алды. Мен Түркияга тапшыруу үчүн атайын экзаменден өтүп, жетиштүү упай топтодум. Учурда Гиресун шаарындагы университетте медицина факультетинин 2-курсунда окуп жатам. Бул жол оңой болгон жок, бирок ар бир кыйынчылыкты жеңүү менен кыялдарыма жакындап жатам.
– Эң сонун. Эмнеге медицина тармагын Кыргызстандан уланткан жоксуз?
– Ооба, медицинаны Кыргызстанда деле окуй алмакмын. Бирок Түркияга тапшыруумдун негизги үч себеби бар:
Биринчи себеп – бала кезимде апама Түркиянын дарыгерлери операция жасашкан. Ошондон тартып менин түшүнүгүмдө түрк врачтары эң күчтүү адистер болуп калган. Бул мага чоң илхам берип, келечекте алардын катарында болууну кыялдандым. Экинчи себеп – бул жактагы билим берүү системасы европалык стандарттарга негизделген. Окууну аяктагандан кийин эл аралык деңгээлде таанылган европалык диплом алууга мүмкүнчүлүк бар. Үчүнчү себеп – студенттер үчүн бардык шарттар каралган. Окууга, өнүгүүгө жана кесиптик тажрыйба топтоого ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүктөн мен өзүмдү бул жерде эркин жана ишенимдүү сезем.
– Азыркы тапта оорулар көбөйүүдө. Анын катарындаТүркияга дарыланганы баргандар да арбын. Себеби эмнеде деп ойлойсуз. Адистер жетишпейби, же технологиянын жетишсиздигиби?
– Менин оюмча, негизги себеп – медициналык технологиянын жетишсиздиги. Азыркы учурда Кыргызстанда жыл сайын миңдеген студенттер медицина факультетин аяктайт, бирок алардын көбү чет өлкөгө барып иштөөнү тандашат. Айрыкча Түркияда кыргызстандык врачтар көп. Мисалга алсак, мен окуп жаткан Гиресун шаарында эле төрт кыргыз врачы иштеп жүрөт. Бул медицина тармагында сапаттуу билим алуу менен катар заманбап технологияларды колдонуу да абдан маанилүү экенин көрсөтүп турат.
– Ал өлкөнүн кайсы шаарларында болгонсуз? Купулуңузга толгон кайсы шаар болду?
– Түркияда дээрлик онго жакын шаарда болдум. Так ушул шаар мага эң жакты деп айта албайм, анткени бул өлкөнүн ар бир шаары өзүнүн тарыхы, маданияты жана жаратылышы менен өзгөчөлөнүп турат. Ар биринин өзүнө гана таандык сулуулугу жана атмосферасы бар, ошондуктан аларды салыштыруу кыйын.
– Негизи эле чет тилди үйрөнүү чоң эмгекти талап кылат. Чет жерде тилден кыйынчылыктар болдубу?
– Мен үчүн азыркыга чейин тил үйрөнүү кыйын. Ооба, башкалардын ою боюнча, түрк тилин сүйлөө оңой болушу мүмкүн. Бирок, менин оюмча, анын грамматикасы бир топ татаал. Мындан тышкары бул жерде да ар бир аймактын өзүнүн диалектиси бар, бул тилди түшүнүүнү дагы татаалдаштырат.
– Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
– Бош убактымды ар түрдүү жанрдагы китептерди окуп өткөргөндү жактырам. Ошондой эле деңиз жээгинде сейилдеп, таза абадан дем алып эс алуу мен үчүн өзгөчө ырахат. Кээде кыргыздын улуттук тамактарын жасап, дасторкон жайып, досторум менен отуруп кызыктуу маек курганды да жакшы көрөм.
– Окууну аяктаган соң Кыргызстанга кайтып келип, медицина тармагына салымыңызды кошсом дейсизби?
– Албетте,бул жерден алган билимим менен өз элиме, жериме кызматымды кылгым келет. Себеби Кыргызстандын келечеги жаш муундарда, тагыраак айтканда, бизде. Анан жаштарга да айтарым, токтобостон аракетин кыла бергиле. Кыйынчылыктар болушу мүмкүн чечкиндүү болуп талыкпай эмгек кылсаңар, сөзсүз жемишин көрөсүңөр.
– Маек үчүн рахмат! Сизге дагы да ийгиликтерди каалайбыз.