АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдүн овал кабинетине келгендер Coca-Cola буйрутма кылган баскычты өзөктүк куралды башкаруучу баскыч менен чаташтырышарын айтты. Ал Fox News телеканалынын журналисттинин "Coca-Cola баскычы кайда?" деген суроого тамаша менен жооп берген.
"Бул так ушул жерде. Баары аны өзөктүк курал деп ойлошот... Бассам дүйнө жок болот дешет", - деген Трамп иш столунда жайгашкан кызыл баскычты көрсөтүп.
Эске салсак, чет элдик басылмалар январь айында Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин Cola суусундугуна буйрутма берүү баскычын овал кабинетине кайтартканын жазышкан. Баскычты Ак үйдүн мурдагы башчысы Жо Байден алдырып салган. Андан мурун Трамп биринчи мөөнөтүндө колдонуп келген.