
Президент
Садыр Жапаров 20-21-мартта
жумуш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы
Аскат Алагөзов билдирди.
Маалымдалгандай, мамлекет башчысы Баткенде И. Ахунбаев атындагы КММАнын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин жана Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында кирпич заводдун ачылыш аземдерине, Ош шаарында Ноорузду майрамдоого катышат.