Бишкекте төрт күнгө созулган жарманке өтөт 

Бишкек шаарында төрт күнгө созулган айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул ирет жарманке 20-марттан 23-мартка чейин созулат.

"Жарманкенин максаты – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге шаар тургундарына азыктарды дүң баада сатуу", - деп билдирди министрлик.

Иш-чара борбордогу Түгөлбай ата көчөсүндө жана Тыныстанов менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан