Жогорку Кеңештин бүгүн, 20-марттагы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Бишкектеги көчөлөрдүн аттары туура эмес айтылып жатканын айтып, нааразы болду.
Анын айтымында, кыргыздын улуу инсандарынын аты көчөлөргө берилип, бирок учурда туура эмес айтылып жатат.
"Бизде борбор калаабыздагы бир топ чоң көчөгө кыргыздын улуу инсандарынын ысымы берилген. Мисалы, Ахунбаев көчөсүн бардыгыбыз Ахунбаева деп айтабыз. Бул туура эмес. Токтогул көчөсүн Токтогула, Абдымомунов көчөсүн Абдымомунова, Токомбаев көчөсүн Токомбаева, Масалиев көчөсүн Масалиева дейбиз. Ушул туура эмес да. Бүт баарыбыз "Масалиевадан жолугабыз", "Ахунбаевага бара бер", "Токтогулада турат" деп сүйлөйбүз. Ушуну туура айтсак, мамлекеттик тилде Токтогул көчөсү, Масалиев көчөсү, Ахунбаев көчөсү деп айтыш керек", - деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Ошондой эле ал көчөлөр дагы ушундай мамлекеттик тилде жазылышы керектигин айтты.