Францияда аскерлерди ташыган автобустар кырсыкка кабылды

Франциянын борбордук аймагында аскер кызматкерлерин ташыган төрт автобус жол кырсыгына кабылып, 36 киши жаракат алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмаларда кабарланды.

Билдирүүгө ылайык, кырсык өлкөнүн борбор аймагындагы Ивелинс департаментинде болгон. Автобустарда жалпы 120дай аскер кызматкери болгон. Кырсыктан 36 адам, анын ичинде бирөө оор жаракат алган.

Басылмада белгиленгендей, кырсыктын себептери тактала элек. Франциянын коргонуу министри Себастьян Лекорню өзүнүн X (Twitter) баракчасында автобустар жогорку аскердик окуу жайларында семинарга катышкан курсанттарды ташыганын билдирди. Жаракат алгандар ооруканага жаткырылганы кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан