"Бейбаштык, рэкетчилик..." Дастан Бекешев Бишкектеги мектептерге күзөтчү коюуну сунуштады (видео)

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы мектептерге күзөтчүлөрдү ишке алууну сунуштады.

Ал балдардын коопсуздугу үчүн күзөтчүлөр керек экенин белгилеп, бул боюнча мэрияга тапшырма берүү керек дейт.

"Бишкекте бир дагы мектепте күзөтчү жок. Республикалык бюджеттен болсо каржылоо каралбайт экен. Муну Бишкек шаардык кеңеш карашы керек да. Күзөтчүнүн жоктугунан бейбаштык, рэкетчилик, бири-бирин сабоо болот экен. Андан сырткары азыр ар бир киши эле мектепке кире беришет. Мындай болбошу керек да, анткени балдардын коопсуздугу эң биринчи маселе", - деди ал.

Жогорку Кеңеш 20.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан