Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов Шанхай Кызматташтык Уюумунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолугушту. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Айтылгандай, 19-мартта өткөн жолугушууда тараптар санариптик трансформация жана инновациялык кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Тараптар санариптик тармактагы мындан аркы тыгыз кызматташтыкка жана биргелешкен демилгелерге даяр экендигин билдиришти.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын сентябрында Кыргызстан ШКУнун төрагалыгын өз милдетине алат.