Футбол боюнча Өзбекстан курамасы менен Кыргызстан курамасынын бүгүн Ташкент шаарында өтө турган оюнуна билеттердин баары сатылып бүттү. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.
Оюн бүгүн, 20-мартта Ташкенттеги "Бунёдкор" стадионунда өтөт. Учурда күйөрмандар үчүн билетти онлайн платформа аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок, буга чейин бардык орундар сатылган. Эми беттешке кирүүнү каалагандар ортомчулардан билетти мурдагы баасынан бир топ эсе жогору баада сатып ала алышат.
Эске сала кетсек, "Бунёдкор" стадионуна 34 миң көрүүчү батат.